ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 1-сентябрь Билим күнү №95 «Достук» окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясы ачылды.

Мектептин окуучуларын, мугалимдерин жана ата-энелерди Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министринин орун басары Салидин Калдыбаев, Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев жана КЭРден келген делегация жаӊы мектептин ачылышы менен куттукташты.


Өз кезегинде Албек Ибраимов жаӊы мектептин ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.


«Урматтуу мугалимдер, ата-энелер жана коноктор! Кымбаттуу окуучулар! Сиздерди жаӊы окуу жылыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Баарыӊыздарга ийгиликтерди жана окуудагы жетишкендиктерди каалайм»,-деди калаа башчысы.


Катышуучуларга концерттик программар тартууланып, биринчи коӊгуроо кагылды.


Аталган мектеп Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына Жал кичирайонуна курулду. Анда 1 миӊ 310 окуучу билим алат. Жаӊы мектеп заманбап жабдуулар менен жабдылып, бардык шарттар түзүлдү. Бул мектепте кыргыз, орус тилдеринде билим берилет. Ошондой эле окуу программасына кытай, орус тилдери дагы киргизилген.