ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алкагында «Сейтек» улуттук балдар чыгармачылык борборунда майрамдык иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн 620 бала катышты. Чакырылган балдар үчүн майрамдык концерт тартууланып, белектер тапшырылды.


Муниципалдык администрация 1-июнга карата бир нече майрамдык иш-чараларды уюштурду. Саат 10:00дө Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунда акимдин кубогуна кичи-футбол өткөрүлөт. Саат 11:00дө Панфилов сейил багында концерттик программа, балдардын чыгармачылык иштеринин көргөзмөсү, асфальтка сүрөт тартуу, оюндар жана конкурстар өткөрүлөт.  Саат 12:00дө жайкы сууга түшүү мезгилинин ачылышы өтөт жана концерттик программа, белектерди, бал муздактарды таратуу менен коштолот.


Ошондой эле райондун бардык МАБдарында, конуштарында балдар үчүн маданий жана спорттук оюндар өткөрүлүп, бал муздактар таратылат.