ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитеттин башчысы Албек Ибраимов Октябрь районуна барып, жолдордун жана көпүрөлөрдүн курулуш иштери менен таанышты.

Калаа башчысы Медеров-Токтоналиев көчөлөрүндөгү, ошондой эле Достоевский көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки курулуп жаткан жолдордун курулуш иштери менен таанышты.
Андан кийи мэр Аламүдүн дарясы өтүүчү 12 кичи райондогу А.Токомбаев жана Л.Толстой- Виноградная көчөлөрүндөгү көпүрөнүн курулуш иштерин текшерди.


Текшерүүнүн жүрүшүндө калаа башчысы Албек Ибраимов тиешелүү кызматтарга жолдордун жана көпүрөлөрдүн сапатына көӊүл бурууну жана убагында бүткөрүүнү тапшырды.


Аталган көчмө жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков, ошондой эле шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары катышты.