ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 9-майда калаанын Жеӊиш аянтында Улуу ата мекендик согуштагы  Жеӊиштин 72 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.

Бардык катышуучулар согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскеришип, андан кийин мамлекеттик гимн жаӊырды.


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө 9-май – ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө майрам экендигин,  Улуу ата мекендик согушта жана оорукта Жеңишке салым кошкон ардагерлерге таазим кыларын белгиледи.


Ошондой эле Жеӊиш күнү менен Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куттуктап, ардагерлерге бекем ден соолук, бактылуу карылык жана ачык асман каалады.


«Ушул улуу күнү катаал согуштун курмандыктарын эскерип жатабыз. Тынчтык жана бейпил жашообуз  үчүн күрөшкөн Улуу жеңиштин ардагерлерине,  согуш балдарына, тыл эмгекчилерине  терең таазим этебиз! Сиздерге чың ден соолук, бактылуу карылык, ачык  асман каалайбыз! Улуу Жеңиш майрамы сиздерге күч-кубат берсин!»,-деди калаа башчысы.


Андан кийин ардагерлер үчүн талаа ашканасы уюштурулуп, жоокер боткосу берилди.


Майрамдын расмий бөлүгүнөн кийин бардык каалоочулар «Өлбөс полк» жүрүшүнө  катышышты.  Жүрүш Д.Асанов атындагы Жеӊиш паркынан башталып, Жеӊиш аянтына чейин улантылды. Иш-чарага 30 миӊдей адам катышты.


Мындан тышкары, шаар тургундары Жеӊиш аянтанда Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программага күбө болушту.


Майрам кечки саат 21:00до сегиз мүнөттүк фейрверк менен коштолот.