ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар   министрлигинин Бишкек  шаары боюнчаКуткаруу кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүмү  болуп эсептелет.  Аймактык  орган катары  Бишкек шаарынын мэриясына башийет.  Кызмат  адамдардын  өмүрүнө жана  саламаттыгына  коркунуч  учурундагы өзгөчө  кырдаалдардын шартында  Бишкек шаарынын калкына ыкчам жардам көрсөтүүнү камсыз  кылуу үчүн  багытталган.

Кызматтын  курамында:

-  шаардын башка авариялык кызматтарынын курамында, куткаруу иш-чараларды  жүргүзүү учурунда    аракеттенүүчү күзөттүк-диспетчердик кызмат жана куткаруучу кошуун иштейт.

Төмөндөгү шаардык күзөттүк-диспетчердик кызматтардын (КДК) ишин координациялоону  ишке ашырат:

-                     КР ӨКМнин өрт коопсуздук агенттигинин;

-                     ички иштеринин башкы башкармалыгынын;

-                     мамлекеттик авто инспекциясынын;

-                     медициналык тез жардамдын;

-                     газ чарбасынын;

-                     электр менен камсыз кылуунун;

-                     жылуулук тармагынын;

-                     суу канал башкармалыгынын;

-                     энерго-коммуналдык жылуулук башкармалыгынын;

-                     лифт кызматынын;

-                     мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун;

-                     жылуулук -электр борборунун;

-                     Бишкек шаарынын темир жол станциясынын;

-           катуу таасир этүүчү уулуу заттарды пайдалануучу чарбакер объекттердин.

 

Өзгөчө кырдаалдар  тууралуу маалымат алмашуу боюнча  өз ара аракеттенүү Бишкек гарнизонунун  аскердик - комендатурасы  менен дагы уюштурулат.

Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын ченемдик укуктук  актыларын  жетекчиликке алат.

Кызмат  өз ишин дайыма даярдыктын тартибинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги алдында  ишке ашырат жана Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарын аткарат.

 

 

 

Негизги максаты жана милдети

 

Кызматтык негизги максаты жана милдети төмөнкүлөр болуп эсептелет:

-  адамдардын өмүрүн сактоо;

-  экстремалдык шарттарда  жана өзгөчө кырдаалдарда адамдарга жардам көрсөтүү;

-  табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар шартында аракеттенүүгө карата Кызматтын күчүнүн жана каражаттарынын дайыма даярдыкта болушун камсыз кылуу;

-  диспетчердик кызматтардын  жана кыйроодон-сактоочу бөлүмдөрдүн күн-түнү бою  күзөтүн  координациялоо;

- сигнал-билдирүүлөрдү жана  калктан маалыматтарды кабыл алууга  өздүк байланыш жана кабарландыруу  каражаттарын  даярдыкта кармоо;

- өзгөчө кырдаалдардын (жарылуулар, өрт, имараттардын жана курулмалардын кулап калуулары, жол-транспорт кырсыктары, химиялык жана радиоактивдүү заттардын  бүркүлүп чыгуусу менен байланышкан кыйроолор жана коркунучтуу табигый  кубулуштар) аймагында  чалгындоо жүргүзүүнү уюштуруу жана сактоо жумуштарын өткөрүү;

- тийиштүү түзүмдөр менен бирдикте шаардын суу көлмөлөрүндө сактоо кызматтарын жүргүзүү;

- Кызматтын  иш-аракеттери менен байланышкан  маселелерди чечүү үчүн  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шаардын райондорунун өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиялары менен өз ара аракеттенүүнү  уюштуруу;

- материалдык-техникалык базаны,   кырсыктардын алдын алуу боюнча  жумуштарды камсыз кылуу, издеп-куткаруу иштерин жүргүзүү, ошондой эле  Кызматтын  милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон башка иш-чараларды өткөрүү  үчүн көрөңгөлөрдү түзүү;

- сактоочуларды даярдоо  жана алардын  квалификацияларын  жогорулатуу;

 

Кызмат, өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:

- коркунуч же өзгөчө кырдаалдын пайда болушу тууралуу маалыматты  камтыган кандай гана болбосун өзгөчө окуялар жөнүндө, калктан,  уюмдардан, шаардагы күзөттүк- диспетчердик кызматтардан кабарларды кабыл алууну уюштурат, кандай кырдаал  экендигине жараша адамдарга жардам көрсөтөт жана сактоо кызматтарын жүргүзөт;

-  күзөттүн бир суткасындагы  өзгөчө  окуялар  жөнүндө маалыматты жалпылайт жана  талдоо жүргүзөт, баш ийгендиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  жана мэрияга  тийиштүү баяндамаларды берет;

- анын жоопкерчилик чөйрөсүнө кирбеген өзгөчө кырдаалдар  жөнүндө кабарды токтоосуз түрдө тийиштүү КДКга багытталышы боюнча  берет;

- өзгөчө кырдаалдын пайда болуу коркунучу жөнүндөгү  кабар катары окшоштурулган   маалыматты тийиштүү органдарга  биринчи кезектеги  тартипте берет;

-  күзөттүк-диспетчердик кызматтардын күчтөрү жана каражаттары менен өзгөчө кырдаал пайда болгон тартипте алар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;

-  Бишкек  шаарынын аймагында сактоо жумуштарын жүргүзөт;

- Бишкек шаарынын  шартында  колдонулуучу  ченемдик документтерди жана нускамаларды, окуу –усулдук жана башка материалдарды  иштеп чыгат;

- Кызматтын куткаруучу түзүмүнүн мүчөлөрүн жана алардын үй-бүлөлөрүн  социалдык  жана укуктук  жактан коргоо маселелерин чечет;

- бийликтин мыйзам  чыгаруу жана  аткаруу  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле башка мекемелерде  жана уюмдарда   Кызматтын кызыкчылыктарын  сунуштайт жана коргойт;

- куткаруучулардын сактоочу  жабдыктарынын, жабдууларынын, байланыш жана кабарландыруу каражаттарынын жаңы түрлөрүн түзүү жана колдонуудагы үлгүлөрүн  жакшыртуу боюнча  бирдиктүү  саясатын иштеп чыгуу жана илимий-техникалык программаларды   координациялоо боюнча иштерге катышат;

- сактоочу  жабдыктар, жабдуулар, мүлктөр, транспорт, байланыш каражаттары менен Кызматты жабдуу боюнча  керектөөлөрдү  изилдейт,  жана сактоочуларды кабарландыруунун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- материалдык- техникалык каражаттарга  билдирмелерди түзүүнү  ишке ашырат;

- белгиленген тартипте  Кызмат үчүн имараттарды  жана курулмаларды куруунун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоолордун   максатка  ылайыктуулугу  жана  кезектүүлүгү  жөнүндө  сунуштарды  киргизет;

- бөлүнгөн  каржылык жана материалдык каражаттарды каралган максаттарга  чыгымдоо  үчүн көзөмөдөөнү ишке ашырат;

-  кызматтын компетенциясына кирген  маселелер боюнча ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди, окуу жайларын жана жарандарды маалыматтык тейлөөнү уюштурат.

 

Кыргыз  Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар   министрлигинин Бишкек  шаары боюнчаКуткаруу кызматынын башчысы подполковник Чаргынов Адильбек Маметмусаевич.

Дареги: Бишкекшаары,  Горький көч. 142

 

Байланыш телефону: : +996 (312) 54-75-20, 161,

 

факс: +996 (312) 54-75-02    

 

электрондук почтасы: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.