ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн багыттарын иштеп чыгууну ишке ашырган Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүнүшү болуп эсептелет.

Агенттик улуттук жана жергиликтүү стратегияларга жана өнүктүрүү программаларына ылайык иштейт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик бийликтин органдары, жарандык коом, коммерциялык эмес уюмдар, эксперттик коомдоштук жана жарандар менен тыгыз өз ара аракеттенишүү принциптеринде курулган.

Агенттиктин ишинин максаты – Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү саясатты калыптандыруу.

Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Бишкек шаарын өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорун сапаттуу калыптандырууга көмөктөшүү;
- жагымдуу бизнес- жана инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- Бишкек шаарында мамлекет-жеке өнөктөштүк принциптеринде ишке ашырыла турган инвестициялык долбоорлорду колдогон, туруктуу иштеген тутумду түзүү;
- Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү коомдоштуктардын жарандык жана коомдук демилгелерин колдоону уюштуруу.

Агенттиктин директору - Усубалиев Азамат Абдыкадырович,         
Дареги: Бишкек ш., Жибек-Жолу проспекти, 495 «а»;
Байланыш телефону (кабылдама): 0312 325 325;
Электрондук почтасы: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.;
Сайты: www.cda.kg;
Жетекчинин кабыл алуу күндөрү: шейшемби жана бейшемби саат 16.30 – 17.30.