ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык – экологиялык инспекциясы негизги милдеттери жана аткарган иштери.

- Ыйгарым укуктарынын чегинде калдыктар менен иш жүргүзүү, санитардык тазалоо жана абаттоо жаатындагы Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан ишканалардын жана уюмдардын ишмердүүлүгүнө контролду жүзөгө ашыруу.

 

- менчик түрүнөн көз карандысыз, бардык жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде тийиштүү муниципалдык кызматтардын жанаша, бөлүнгөн жана бекитилген аймактарды, анын ичинде муниципалдык тапшырык боюнча, санитардык камсыздоону жана тазалоону ишке ашырууда Бишкек шаарын абаттоо эрежелерин сактоосуна, шаардын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоосуна контролду жүзөгө жүзөгө ашыруу.

 

- катуу тиричилик калдыктарын ташып кетүү жана көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди өз убагында түзүү иштерин жана контролдоону жүргүзүү.

 

        Экологиялык коопсуздукту жакшыртуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык ченемдерин жана абаттоо эрежелерин сактоого жана калдыктар менен иш жүргүзүү жаатында СЭИнин инспекторлору тарабынан - 4357 чарбакер субъектилер текшерилип  жана -   3579 жазма эскертүү жазылган, ошондой эле анын ичинен  турмуш тиричилик таштандыларын чыгарууга келишим түзгөнгө – 1016, акыр-чикир таштандыларга - 226, абаттоого - 1371 жазма эскертүү берилди.

        Инспекторлор тарабынан “Тазалык” МИсынын  турмуш-тиричилик таштандылардын өз убагында чыгаруусун жана таштанды челек аянтчаларынын тегерек четин тазалап туруусун көзөмөлдөп кыдырып турушат.

        Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын өкүлдөрү менен бирдикте Бишкек шаарынын көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо эрежелерин көзөмөлгө алуу максатында өз алдынча чарбалардын ээлери, жашоочулар, үй куруучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

 

Санитардык-экологиляк инспекциясынын башчысы  - Сулайманов Д.К.   

Ленин районунун ага инспектору Умоталиев Э.Ш. т.

Биринчи май районунун ага инспектору Макешов Н.Н

Свердлов районунун ага инспектору Шакиров А. К.

Октябрь районунун ага инспектору Айльчиев А.С.

 

Байланыш телефону:  0312 658159

Дареги: Бишкек ш., Чүй пр., 315, 404 каб.

Электрондук почтасы:  Sanit_ekol@ infotel.kg