ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык мэриясынын аза кызматтары агенттигинин негизги милдети жарандарга  ар кандай аза кызматтарын көрсөтүү, азага керектелүүчү продукцияларды жасоо, ошондой эле аза кызматтарын көрсөтүү объектилерин пайдалануу, оӊдоп-түзөө жана кармоо иштерин жүргүзүү жана көрүстөн чарбасын  кеңейтүү болуп эсептелет.

Азыркы учурда Агенттиктин балансында көрүстөн чарбасы, авточарбасы, табыт, крест  ж.б. аза кызматына керектелүүчү продукцияларды жана  азагүл жасоо цехтери, чыгарылган жеке продукцияларды сатуу бөлүмү (дүкөн) бар.

Азыркы  учурда иштеп турган көрүстөндөр - Түштүк-Батыш, янты 300га. ашык жана Ала-Арча көрүстөнү, аянты 31га, калган үч көрүстөн –Боордоштор, Түндүк көрүстөндөрү жарым-жартылай жабылган,  Дунгандар көрүстөнү толгондугуна байланыштуу жабылган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-январындагы  №8 “Бишкек шаарына жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна көрүстөн уюштурууга жер  берүү жөнүндө” Токтому чыкканына байланыштуу  Агенттик башка катышы бар түзүмдүк бөлүктөр менен биргеликте Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылынын аймагынан бөлүнгөн 44 га. шаардык көрүстөндү уюштуруу иштерине катышууда.

Агенттик жалпы эле каза болгон адамдардан тышкары дагы тексиз адамдардын өлүгүн, биологиялык калдыктарды көмөт. Агенттиктин жооптуу кызматкерлери менен жумушчуларынын саны 65 адамды түзөт.

Агенттик чарбалык эсеп жана бюджеттик негизде кызмат көрсөтөт.

Жарандарды аза кызматтары менен тейлөөнү жакшыртуу максатында жасалган продукциялардын ассортиментин (түрүн) көбөйтүү, алардын жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу: маркумдун денесин жууш, аза буюмдарын кардарга, маркумдарды сактоочу жайдан же үйдөн көрүстөнгө жеткирүү   иштери жүргүзүлөт. Аза кызматын уюштурууда керектүү кагаздарды алдын ала телефон менен  толтуруп, андан кийин маркумдун жаткан жерине  чыгуу, боз үйдү жеткирип тигип берип жана кайра чечип алып келүү, жана башка маркумду жерге берүүдө талап кылынуучу кызматтар иш жүзүнө ашырылууда.

Шаардык көрүстөндөрдү таштандылардан тазалоо,  куурап калган бутактарды бутап салуу иштери да жүргүзүлүүдө. Жолдор кардан жана тонгон муздардан тазаланып, тайгак жерлерге, өзгөчө Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн тектирлүү жерлерине кум төгүлүүдө.

Ала-Арча жана Түштүк-Батыш көрүстөндөрүндө санитардык тазалоодон тышкары иче турганга жана сугарганга суу жеткирилип, орнотулган челектерге толтурулуп турат.

Көрүстөнгө келген адамдар менен дайыма өрт коопсуздугу, таштандыларды жыйноо жана чыгаруу иштери боюнча түшүндүрүү иштери, маркумду көмүүдө көрсөтүлүүчү кызматтардын баалары тууралуу дагы жарнамалык негизде маалымат иштери  жүргүзүлүп турат.

Агенттиктин директору– Бочиев Руслан Асылбекович,         

Директордун орун басары- Сатыбалдиев Эсенбек Жунусбекович,      

Башкы инженер– Байсеитов Эрнис Джекшенбекович

Дареги: Бишкек ш., Орозбеков көч., үй. №344а.

Байланыш телефону: 0312 37 02 71;

Электрондук почтасы:Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.