ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү:

- Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын калыптандырууну жүзөгө ашырат;

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Бишкек шаарынын  мэриясынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн иштерин координациялайт жана көзөмөлдөйт;

- бөлүмдүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, башка укуктук ченемдик актыларды Бишкек шаарынын мэриясынын аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алат;

- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары үчүн мамлекеттик тилди үйрөтүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарды уюштурат жана өткөрөт;

- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду уюштурат жана өткөрөт;

- Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө тексттерди мамлекеттик тилге которууда кеңеш берүү жардамдарын көрсөтөт;

- Бишкек шаарынын  мэриясынын аппаратына, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө усулдук  көмөк көрсөтөт;

         - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү  жана жайылтуу боюнча шаардык иш-чараларды, сынактарды уюштурат жана өткөрөт.

 

 Кызмат көрсөтүүлөр

         - Бишкек шаарынын аймагындагы жарнамалардын, көрнөктөрдүн, жарыялардын жана башка көрүнөө маалыматтардын тексттерин мамлекеттик тилге которууда жарнама берүүчүлөргө көмөк көрсөтөт (акысыз).

 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси – Ниязбекова Эльвира Керимовна

Дареги:Байтик Баатыр көчөсү-17

Байланыш  телефону:0312 514417