ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу» МИси Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 11-ноябрындагы №504 жана 2008-жылдын 18-ноябрындагы №519 токтомдоруна ылайык, Декоративдүү багбанчылык совхозунун базасында Бишкек шаарынын бак-дарактарын күндөлүк кароо жана багуу боюнча муниципалдык тапшырыкты аткаруу үчүн түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 3-марттагы №84 жана 2009-жылдын 14-апрелиндеги №169 токтомдору менен мэриянын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруунун жүрүшүндө 2009-жылдын 1-майынан баштап, «Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу» МИсинин курамына Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаарсууремчарба» ишканасы, Бишкек шаарынын сейилбактар жана эс алуу зоналарынын башкармалыгы» мекемеси, 4 райондук жашыл чарба участоктору тиешелүү мүлкү, техникасы жана жабдуулары менен киришкен.

«Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу» МИсинин бекитилген түзүмү 735 штаттык бирдикти түзөт. Азыркы учурда биздин ишканада 502 адам иштейт. Ишкананы кайра уюштуруу боюнча 98 штаттык бирдикке азайган.

 

Ишкананын негизги максаты жана милдеттери:

Максаты: Бишкек шаарынын тышкы көрүнүшүн жана экологиялык абалын жакшыртууга багытталган,бак-сейилбак, питомник, күнөскана, ирригация чарбаларын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү шаардык саясатты жүргүзүү;

Милдеттери: гидротехникалык курулуштардын, ирригациялык каналдардын жана тармактардын, коллектордук-дренаждык тарамдардын ишенимдүү жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;

- жашылдандыруу объектилерин курууда, кайрадан курууда, оңдоо жана күтүүдө прогрессивдүү усулдарды жана алдыңкы технологияларды киргизүү;

 

Өндүрүштүк ишмердүүлүгү

Жобого ылайык «Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу» МИси иштин төмөнкү түрлөрүн аткарат: бактарды, бадалдарды, бадал тосмолорду жана гүлдөрдү отургузуу, бак-дарактарды сугаруу, кыюу, санитардык кыркуу, бактардын жана бадалдардын баш жактарын формага келтирүү, бадал тосмолорду кыркуу жана тазалоо, көк майсандарды чабуу жана тазалоо, гулзарларды карап багуу, каналдарды, ирригациялык тармактарды, КДТны тазалоо менен күндөлүк кароо жана иштин башка түрлөрү.

 

Кызматтарды көрсөтүү:

-         жашылдандыруунун бардык түрлөрү,

-         жашыл жалбырактуу жана ийне жалбырактуу бактарды санитардык кыркуу,

-         кулап калуу коркунучундагы бактарды кыюу,

-         сугат суусун берүү,

Начальник Элгондиев Токтобек Абдыкеримович

Начальниктин орун басары Слесарева Вера Тихоновна

Начальниктин орун басары Касымов Нурлан Куйбульбекович

Башкы агроном Кравер Сергей Иванович 

Байланыш телефону:0312-37-53-30

Дареги: Бишкек ш.Ташкент  көчөсү 17

Электрондук почтасы: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.