ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бѳлүгү болуп саналат. Башкармалыктын иш-чаралары шаардын маданият дараметин сактоо жана ѳнүктүрүү үчүн жана башкармалыктын түзүмдүк бѳлүмдөрүнүн чыгармачылыгынын негизинде театралдык, музыкалык, сүрөт жана хореография искусствосун өнүктүрүү жаатында иш-алып барат.

Бишкек шаарынын маданият башкармалыгынын карамагында 48 түзүмдүк мекеме бекитилген. Анын ичинде: 2 маданият үйү «Диалог», «Чон-Арык» жана «Жаштык» жаштар борбору, 28 китепкана, 7 балдар музыкалык мектеби, 2 балдар искусство мектеби, 1 балдар көркөм-сүрөт мектеби, 6 мемориалдык музей, 1 ачык асман астындагы скульптура музейи, 17 чыгармачыл коллектив.

 

Маданият башкармалыгы шаардык жана республикалык масштабда фестивалдарды, конкурстарды, массалык маданий эс-алуу иш чараларын жүзѳгө ашырат. Кыргыз тилинин маданиятында кыргыз улуттук кѳркөм чыгармачылык катары, ошондой эле Бишкек шаарында жашаган башка элдердин жана улуттардын тилдик маданиятында бардык салттуу түрлѳрдү жана жанрларды кайра жаратуу жана артыкчылыктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берет.

 

Массалык маданий эс-алуу иш чаралардын негизинде Бишкек шаарынын тургундарына жана жаш муундарга, балдар музыкалык мектебинин тарбияланучуларына, китепкана жана музейлерге келүүчүлөргө сапаттуу кызмат көрсѳтүп келет.

 

Начальник:       м.а. Мисиралы Букеев

Байланыш телефону:                   0312 59-47-35

Дареги: Бишкек ш., Байтик баатыр көч. 77

Электрондук почтасы:  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.