ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы”

мекемеси (мындан ары - Башкармалык) объекттерди куруу жана кайра куруу боюнча  тапшырыкчы-куруучу кызматын жүзөгө ашыруучу, курулуштарды жана имараттарды, Бишкек шаарындагы жолдорду капиталдык оңдоону, кайрадан жаңыртууну аткаруучу  Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

 

Башкармалык өз ишин  Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

 

 Башкармалык “муниципалдык мекеме” уюштуруу укуктук формадагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, эсептешүү жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар гербдүү мөөргө, тийиштүү  мөөрлөргө, штамптарга, өздүк эсепке, фирмалык бланктарга ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.

 

 Башкармалыктын ишмердигинин максаты тапшырыкчы-куруучунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу, Бишкек шаарындагы курулуш жана реконструкциялоо объекттери боюнча капиталдык салымдарды натыйжалуу, сарамжалдуу жана негиздүү өздөштүрүү, имараттарды, жол курулмаларды капиталдык оңдоону жана калыбына келтирүүнү аткаруу.  

 

Башкармалык белгиленген мыйзамдык  тартипте Бишкек шаарындагы тапшырыкчы-куруучунун жана капиталдык оңдоо, реконструкциялоо боюнча техникалык көзөмөлдөөнүн, турак жай-коммуналдык багыттагы объекттерди жана социалдык, маданий, тиричилик объекттерди капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-милдеттерин жүзөгө ашырат. Бишкек шаарындагы объекттерди куруу жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүүгө байланыштуу курулуштарды бузуу боюнча бирдиктүү  тапшырыкчынын иш-милдетин жүзөгө ашырат, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген, ыйгарылган компетенциялар жана ыйгарым укуктардын чегинде бүтпөгөн курулуш объекттерин эсепке алууну жана контролдоону жүргүзөт.

 

Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын жогорку органы болуп

эсептелет, ал мыйзамдарга ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө Жобону бекитүү жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн,  штаттык ырааттамасын бекитүү, Башкармалыктын начальнигин жана орун басарларын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.

 

Башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу -  Эшенбаев Н.С.,

Башчынын  орун басарлары: 

-Ибраимов К.К.,

-Жанболотов А.М.

Башкармалыктын юридикалык дареги:  Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 175.

Байланыш телефону:0312 31-80-06, ф.0312 31-80-06

Электрондук дареги:uks-55@mail. ru