ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Башкармалыктын ишинин максаты Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын турак жай-коммуналдык чарба (мындан ары – ТЖКЧ) чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу жана пландарын, программаларын аткаруу болуп саналат.

 

         Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү бирдиктүү саясатын ишке ашырууда /же өткөрүүдө/ ишканаларды координациялоо;

- турак жай чарбасын, жылуулук-суу-газ-электр менен жабдуу тармактарынын, суу берүүнүн, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, ошондой эле санитардык тазалоонун жана катуу тиричилик калдыктары менен иштөө объекттеринин иштешин жана өнүгүшүн ишенимдүү, натыйжалуу камсыздоо боюнча координациялоону жүзөгө ашыруу;

- башкаруунун түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүчү жана муниципалдык тапшырыкты аткаруучу уюмдардын жана ишканалардын ишин координациялоону жүзөгө ашыруу;

- турак жай-коммуналдык кызматтарды көрсөтүүдө жана муниципалдык тапшырыктарды аткарууда атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү; ТЖКЧ чөйрөсүндөгү башкаруунун жана чарба жүргүзүүнүн рыноктук формаларын киргизүү;

- муниципалдык имараттарда энергия натыйжалуулук жана ресурстарды сактоо  боюнча иш-чараларды өткөрүү;

- Кыргыз Республикасынын жана ТЖКЧ чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарынын, токтомдорунун, буйруктарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын камсыз кылуу.

Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Башкармалык төмөндөгү иш милдеттерди жүзөгө ашырат:

- ТЖКЧ тармагынын өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- турак жай-коммуналдык чөйрөгө тийиштүү жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана демилгелөө;

- шаардык чарба кызматтарынын чөйрөсүндө муниципалдык тапшырыкты түзүү;

- шаардык кызматтарды жана калкты күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;

- бюджеттик уюмдар тарабынан энергия ресурстарын керектөө лимитин сактоону контролдоо жана аларды сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу;

- энергия ресурстарын сактоо программасын ишке ашырууга көмөктөшүү, жеке эсептөө жана сууну, газды, жылуулукту, электр энергиясын жана башка энергия ресурстарын керектөөнү жөнгө салуучу приборлорду орнотууну кошуу менен турак үйлөрдүн жана башка муниципалдык имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу;

- турак жай-коммуналдык чарба тармактары боюнча узак мөөнөттөгү шаардык программаларды иштеп чыгуу;

- калкка жана ТЖКЧ тармагында чарба жүргүзүүчү субъекттерге усулдук жана консультативдик жардам көрсөтүү;

- пайдалануучуларга керектөө стандарттарынын жана ченемдеринин талаптарына жооп берүүчү турак жай-коммуналдык кызматтарын алууга жардам берүү;

- мамлекеттик, коомдук жана башка органдарда Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба ишканаларынын кызыкчылыктарын коргоо;

- райондук администрацияларга турак үйлөрдү башкаруунун жаңы түрлөрүнө өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүү: турак үй ээлеринин шериктештиги жана башкаруунун башка түрлөрү, аларга усулдук жана консультативдик жардам көрсөтүү;

- батир ээлеринин бардыгына жалпы үлүштүк менчик укугунда тийиштүү жалпы пайдалануунун турак жай фондун, мүлкүн сактоо жана туура күтүүгө багытталган иштерди координациялоо;

- өзүнүн турак жай фондуна болгон менчиктик сезимге үйрөтүү жана жаңы мамилеге тарбиялоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өткөрүү;

- турак жай-коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун абалын, анын өнүгүү тенденциясын талдоо жана алардын мындан ары өнүгүшү, ишинин натыйжалуугун жогорулатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды даярдоо;

- турак жай-коммуналдык чарба жана отун-энергетикалык комплекси тармагында жаңы технологияны иштеп чыгуу жана киргизүү;

- Бишкек шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн,  калкынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын эске алуучу бирдиктүү тарифтик саясатты жана баа коюуну жүргүзүүгө көмөктөшүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун уюмдарынын тарифтерди колдонуусун контролдоо;

- турак жай-коммуналдык чарбасынын бардык ишканаларына, уюмдарына тармактарды өнүктүрүү, Бишкек шаарынын аймагында, жалпы республика боюнча жана анын чегинен тышкаркы өз ара өнүктөштүк байланыштарды белгилөө боюнча инвестициялык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү;

- коммуналдык кызматтарды көрсөтүүчүлөр жана керектөөчүлөр ортосунда укуктук мамилелерди өркүндөтүүгө жана тутумдаштырууга көмөктөшүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен муниципалдык тапшырык боюнча иштерге, кызматтарга төлөөгө арналган бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоо;

- Бишкек шаарынын аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын жыйноо, ташып чыгаруу жана керекке жаратууну уюштуруу боюнча иштерди координациялоо.

        

Башкармалыктын башчысы  Эшатов Канатбек Советбекович -  51-18-61

Башчынын орун басары Шеримбаев Максат Калыбекович       

Дареги: Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 17,

Байланыш телефону: тел. 0312 51-18-61, ф. 0312 51-18-61

Электрондук дареги: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.