ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1964-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:
-1995-жылы Москва шаарында Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган.
Квалификациясы: Эмгек экономисти

-1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:
1982-1987-жж. - Аламүдүн районунун элдик сотунун сот отурумунун катчысы;
1987-1989-жж. - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жазык иштери боюнча улук катчысы;
1989-1990-жж. - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун консультанты;
1990-1995-жж. - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун төрагасынын жардамчысы;
1995-1996-жж. - Бишкек шаарынын жумуштуулук боюнча башкы башкармалыгынын 1-категориядагы юрист-консультанты;
1996-1996-жж. - Укуктук бөлүмдүн начальниги;
1996-1997-жж. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Жыйынды-экономикалык башкармалыгынын начальниги;
1997-1997-жж. - Социалдык коргоо башкы башкармалыгынын начальниги;
1997-2003-жж. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине караштуу Калктын жумуштуулугу боюнча мамлекеттик департаментинин директору;
2003-2005-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аппарат жетекчиси;
2005-ж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
2006-ж. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;
2006-2007-жж. - Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымынын милдетин аткаруучу;
2007-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен, КРнын “Кыргыз Республикасынын конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө” Мыйзамынын III бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалган;
2007-жылдын 24-октябрында кызматтан кетип, КРнын жаӊы Конституциясы кабыл алынганга байланыштуу, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин төраганын милдетин убактылуу аткарган;
2007-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен, КРнын Конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун  1-пунктчасына жана 69-беренесинин 2-пунктуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалган;
2009-жылдын 22-октябрында Кыргызстандын Өкмөтү толук курамда кызматтан кеткен. Бул чечим республиканын президенти мамлекеттик башкаруунун реформасы боюнча сөзгө чыккандан кийин өкмөт мүчөлөрүнүн кезексиз отурумунда кабыл алынган;

2009-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын эмгек, жумуштуулук жана миграция министри болуп дайындалган;

2010-жылдын 14-июнунда Ош шаарында, Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн окуялардын жыйынтыгында жабыркагандарга жана качкындарга жардам берүү маселелери боюнча убактылуу өкмөттүн төрагасынын атайын өкүлү;

2010-жылдын 14-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын эмгек, жумуштуулук жана миграция министри болуп дайындалган;

2010-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалган;

2011-жылдын 7-февралынан 23-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргызстандын калкын социалдык жактан коргоо боюнча министр болуп дайындалган;

2012-жылдын январь-августу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары;

2012-жылдын май-августу КРнын жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигине караштуу “Ала-Тоо Финанс” микронасыялык агенттигинин байкоо кеңешинин төрайымы;

2012-жылдын август-сентябры - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы;

2013-жылдын июлу - Заманбап мамлекеттик миграция саясатын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун жетекчиси;

2013-жылдын сентябры - Кыргызстандагы Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын стратегиялык маселелери боюнча кеңешчи;
2014-жылдын 31-июлунан баштап азыркы убакка чейин Бишкек шаарынын вице-мэри.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэр:

Бишкек шаарынын социалдык чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгат жана чаралар комплексин ишке ашырат.

 

Социалдык чөйрөдө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, Бишкек шаарынын калкына дарылоо-алдын алуу жардамын көрсөтүү боюнча ишти уюштуруу, шаардык тез жардам программаларын ишке ашырууга жана акысыз медициналык жардамдын кепилденген деӊгээлин сактоого контролду жүзөгө ашыруу, шаардын калкынын санитардык-эпидемиологиялык сак-саламатын камсыздоо боюнча ишти уюштуруу, ветеринария, жалпы орто жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү иш-аракеттер, маданият, искусство, туризм жаатында шаардын саясатын жүзөгө ашыруу, жеӊилдиктерге ээ жана жарды категориядагы калкка даректүү социалдык коргоо тутумун түзүү, социалдык жардам программаларын ишке ашыруу, социалдык камсыздоону жана кайрымдуулукту өнүктүрүү, социалдык чөйрөнү башкаруу түзүмүн өркүндөтүү маселелерин координациялайт, контролдойтжанажүргүзөт, гендердик саясат, эне, бала, жаштар жана спорт, дин чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзгөн уюмдар, мекемелер жана жактар менен өз ара аракеттенүү маселелерин жетектейт.

 

Социалдык чөйрө комплексинин курамына кирген социалдык чөйрөнүн тармактарын, ишканаларын жана мекемелерин каржылоо жүрүшүн контролдоону жүзөгө ашырат, социалдык чөйрөдө жалпы шаардык маанидеги долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелерин чечет.

 

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн ири мамлекеттик иш-чараларды, ошондой эле шаардык иш-чараларды өткөрүүдө кызматтардын ишин координациялайт жана сценарийлерин иштеп чыгууну уюштурат.

 

Өкмөттүк эмес уюмдар, коомдук бирикмелер, балдар үйлөрү, карылар, майыптар үйлөрү ж.б., чыгармачыл бирликтер, кесиптик бирликтер менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат. Шаардык ардагерлер кеӊешинин иш-аракеттерин жетектейт.

 

Өз компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча тармактык комиссиялардын ишин жетектейт, иш кеӊешмелерин өткөрөт.

 

Бишкек шаарынын Биринчи май администрациялык районунун ишин жетектейт.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилерин чакырууга, аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.