ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1972-жылдын 12-февралында Кыргыз ССРинин Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында төрөлгөн.

Билими: эки жогорку билимдүү, экономика илимдеринин кандидаты.
Муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана реконструкциялоо комплексин учурдагы жетектөөнү жүзөгө ашырат.

1993-жылы Кыргыз айыл-чарба институтун аяктаган.
1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
1998-жылы Кыргыз РеспубликасынынУлуттук илимдер академиясынын Экономика жана политология институтунун аспирантурасын аяктаган.
 

Иш тажрыйбасы:
1994-1997-ж.ж.  - “Азия” АКнын башкы директорунун орун басары болуп иштеген;
1997-2001-ж.ж. - “Мээнет-Сервис” мамлекеттик ишканасынын директору болуп эмгектенген;
2001-2002-ж.ж. - “Пак-Пен” Тышкы соода акционердик коомунун коммерциялык директору болуп иштеген;
2002-2004-ж.ж. - Алмата шаарындагы “Тамшылар” ЖЧТ БИнин башкы директору;
2003-2004-ж.ж. “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү;
2004-2005-ж. апрелине чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын начальнигинин орун басары болуп эмгектенген.
2005-жылдын апрелинен октябрына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги болуп иштеген;
2005-жылдын октябрынан 2008-жылдын январына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары;
2008-жылдын январынан 2009-жылдын декабрына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги;
2009-жылдын декабрынан 2010-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;

2010-жылдын апрелинен тартып азыркы убакка чейин Бишкек шаарынын вице-мэри.
 

Шаар куруу жана муниципалдык менчик маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри:
Жер участокторун мөөнөттүү жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, сырткы жарнама, муниципалдык базарлар, унаа токтотмолор жана унаа туруктар, муниципалдык мүлктү укуктук жөнгө салуу жана натыйжалуу пайдалануу, шаардык курулуш программаларын түзүү жана ишке ашыруу, шаарга турак үйлөрдү жана социалдык, өндүрүштүк багыттагы башка объекттерди комплекстүү куруу жаатында бирдиктүү инвестициялык саясатты жүргүзүү, курулуш жана ишке киргизүү, автомобилдик жолдор, имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоо, шаар куруу, шаарды жана шаардын айрым аймактарын куруу, реконструкциялоо концепциясынын техникалык-экономикалык негиздемелери, Бишкек шаарынын муктаждыктары үчүн капиталдык курулуш чөйрөсүндө шаардык инвестициялык тапшырыктарды, ошондой эле курулуш комплексинин иштешин камсыздоо үчүн товарларды жеткирүү жана иштерди (кызматтарды) аткарууга шаардык тапшырыктарды түзүү, топонимика боюнча комиссиялардын иштеринин маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.


Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, шаар курууну пландоо жана шаарды өнүктүрүү стратегиясы, шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн өркүндөтүү, шаар куруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча ишти уюштуруу, борбордун иш-милдеттерин аткаруунун оптималдуу шарттарын камсыздоо маселелерин координациялайт.

 

Өз компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча тармактык комиссиялардын ишин жетектейт, иш кеӊешмелерин өткөрөт.

 

Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык районунун ишин жетектейт.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилерин чакырууга, аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.