ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1956-жылдын 12-декабрында төрөлгөн.

Билими: Фрунзе машина куруу техникуму. Адистиги боюнча - техник-технолог;
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Адистиги боюнча - менеджер.

Иш тажрыйбасы:
1974-жылдын октябры – 1975-жылдын апрели - «Кыргызмебель» бирикмеси, ташуучу (транспортировщик);
1975-жылдын майы – 1977-жылдын майы - Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1977-жылдын июлу – 1983-жылдын августу СССР КИИ ИА өзгөчө конструктордук бюро:
- слесарь;
- 2-даражадан 5-даражага чейинки жылмалоочу;
- слесардык-механикалык участоктун устаты;
- участоктун  начальниги;
- жетектөөчү технолог.
1993-жылдын августу – 1995-жылдын октябры - «Витас» фирмасынын өндүрүш начальниги;
1995-жылдын ноябры – 2006-жылдын майы:
- транспорт цехинин башчысы;
- «Нур» АКнын төрагасынын орун басары;
- башкы инженер;
- башкы директордун орун басары;
- «Нур» АКнын башкы директору.
2006-жылдын майы – 2008-жылдын июну - БШКнын депутаты, Ленин райондук аймактык топтун жетекчиси;
2008-жылдын июну – 2011-жылдын марты - Бишкек троллейбус башкармалыгы:
- башкы инженер;
- начальник.
2001-жылдын марты – 2012-жылдын марты – Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги;
2012-жылдын марты – 2015-жылдын июну – Бишкек троллейбус башкармалыгынын начальниги;
2015-жылдын июнунан бүгүнкү күнгө чейин транспорт маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри.

Шаардык транспорт маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри:

 

Шаардык транспорттун бардык түрлөрүнүн, жол кыймылын жөнгө салуу каражаттарын орноштуруу жана  иштешин камсыз кылуу (жол белгилери, жолчырак объекттери, чийме), лифт чарбасы, материалдык жана мобилизациялык резервдер фонду, ошондой эле жетектелип жаткан багыттар боюнча жалпы шаардык долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу маселелерин координациялайт жана жүргүзөт.
 

Мамлекеттик органдардын тийиштүү аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн уюштурат.

 

Бишкек шаары боюнча КРнын ӨКМ башкармалыгынын, Бишкек шаарынын өрткө каршы кызматынын жана «161» куткаруу кызматынын ишин жетектейт жана контролдойт.

 

Өз компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча тармактык комиссиялардын ишин жетектейт, анын ичинде эвакуация боюнча комиссияны башкарат, иш кеӊешмелерин өткөрөт.

 

Бишкек шаарынын Ленин администрациялык районунун ишин жетектейт.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилерин чакырууга, аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.