ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1972-жылдын 6-февралында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Билими: жогорку, КАКИни (азыркы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети) аяктаган. Адистиги: экономика жана курулуш башкаруу.

1994-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженердик-курулуш факультетин аяктаган.

Адистиги: инженер-экономист.

2002-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин аспирантурасын аяктап, диссертациялык ишин жактаган.

Иш тажрыйбасы:
1995-1997-жж. - Кыргызвнешбанкта иштеген;
1997-2001-жж. - «Арпа» соода үйү ЖЧКсынын директору;
2001-2004-жж. - «Арпа» ААКнын маркетинг кызматынын начальниги;
2007-2010-жж. - «Арпа» соода үйү ЖЧКсынын директору;
2010-2015-ж. августуна чейин - Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары;
2015-жылдын август айынан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын вице-мэри.

Турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр:

Турак жай-коммуналдык чарба комплексин жана Бишкек шаарынын жашоо-тиричилигин камсыздоо тутумун жетектөөнү жүзөгө ашырат.

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, шаардык аймакты санитардык тазалоо, жетектелип жаткан багыттар боюнча жалпы шаардык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу, турак жай-коммуналдык реформаларды жүзөгө ашыруу, отун-энергетикалык комплекс тутумун натыйжалуу иштетүү жана өнүктүрүү жаатында пландарды аткаруу, тышкы жарыктандырууну иштетүү, калкка аза кызматтарын көрсөтүү, шаарды жылытуу мезгилине даярдоо, инвестициялык саясат жана шаардын жашоо-тиричилигин камсыздоо тутумунун иш-аракеттерин шаардык булактардан каржылоо, турак жай-коммуналдык чарба объекттеринин инженердик тармактарын орноштуруу, суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү, жашоо-тиричилик тутумунун коммуникацияларын өнүктүрүү маселелерин координациялайт, контролдойт жана жүргүзөт.

 

Шаардык чарба, инженердик инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматтарды жеткирүүгө жана сатып алууга шаардык тапшырыктардын түзүлүшүн, жайгаштырылышын жана каржыланышын контролдойт жана координациялайт.

 

Өз компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча тармактык комиссиялардын ишин жетектейт, иш кеӊешмелерин өткөрөт.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилерин чакырууга, аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.